Тажик тили (таж. тоҷикӣ) – тажиктердин тили. Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили. Иран тилдеринин түштүк-батыш тобуна кирет.

Расмий аталышы:

Форсии Тоҷикӣ (Forsii Tojikī)
Тоҷикӣ (Tojikī)

Айтылышы:

tōčikiī

Өлкөлөр:

Тажикстан Тажикстан

Расмий статусу:

3 мамлекет

Колдонгондордун жалпы саны:

8 млн (2020) Экинчи тил катары 10 млн (2020) Баардыгы 10-12 млн

Классификациясы

Инди-европа тилдери

Иран тилдери
Фарсы тили
Тажик тили
Жазылышы:

Латын жазуусу,Кириллица, Арап жазмасы,

Тилдер коду
ISO 639-1:

tg

ISO 639-2:

tgk

ISO 639-3:

tgk

Тажикстан, Өзбекстандын көп жерлерине, Казакстан жана Кыргызстандын айрым райондоруна, ошондой эле Афганстандын түндүгүнө тараган. Диалектилик бир нече топко бөлүнөт: түндүк, борбордук же жогорку Зарафшан, түштүк, түштүк-чыгыш же дарваз. 6 үндүү, 24 үнсүз фонемасы бар. Тажик тили – флексия-аналит. түзүлүштөгү тил. Атоочтор байыркы сөз өзгөртүү системасын жоготкон жана изафет жолу менен байланышат. Род жана жөндөмө категориясы жок. Сөздөрү синтаксистик жол менен жөндөлөт. Сөздүк катмары араб, өзбек жана орус тилинен кирген сөздөрдү да камтыйт. Алгачкы жазма эстеликтери 9-кылымга таандык. 1930-жылдан араб, латын жазуусун пайдаланып, 1940-жылдан орус графикасына өткөн.

Тажик тилинин колдонуун картасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү