Таймыр жарым аралыЕвразия материгинин эң түндүгүндө. Карск деңизинин Енисей булуңу менен Лаптевдер деңизинин Хатанга булуңунун аралыгында. Түндүк чети Челюскин тумшугу, түштүгү Путорана платосу. Узундугу 1000 кмдей. Жээги булуң-буйткалуу. Түндүгү менен түштүгү ойдуңдуу, борбордук бөлүгүн Бырранга тоолору (бийиктиги 1125 мге чейин) ээлейт. Ири суулары: Пясина, Төмөнкү Таймыр, Хатанга. Таймыр көлү бар. Таймыр жарым аралы арктика жана субарктикалык алкакта жайгашып, климаты катаал. Кышы узак (эң суук мезгилинде –62°С чейин), жайы салкын, кыска. Дайыма катуу шамал болуп турат. Бардык жеринде көп жылдык тоң жатат. Түндүгүн арктикалык мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүн токойлуу тундра, тоолорун арктика чөлү ээлейт.

Таймыр жарым аралы.
Таймыр жарым аралы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү