Талды-Суу (Ат-Башы району)
Талды-Суу — — Кыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Талды-Суу айыл аймагына кирет.
Талды-Суу | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Нарын облусу |
If: |
Ат-Башы району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1927 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Автоунаа коду |
Н, N, 05 |
Ат-Башы суусунун сол тарабында жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 39 км чыгыш тарапта жайгашкан. 1927-жылы негизделген. Калкы 1242 (1986-ж). негизинен мал чарбасы менен эмгектенишет. Орто мектеп, балдар бакчасы, амбулатория, турмуш-тиричилик комбинатынын филиалы бар.
Географиясы түзөтүү
Талды-Суу айылы Нарын облусунан 95 километр, райондун борборунан 39 километр алыстыкта, Ат-Башы суусунун сол куймасы Богоштунун боюнда жайгашкан. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн борбору. Айылда 378 түтүн, 1, 635 калк (2019) жашайт.
Айылды тең экиге бөлүп турган Жарык-Таш суусу бар. Ошол суунун жээгинде чычырканак, ит мурун өсөт. Андан сырткары айылдын четинде Ийри-Суу суусу орун алган. Тегерек Булак деген белгилүү булак бар.
Калкы түзөтүү
Калкы - 1321 киши.[1]
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.