Талма (эпилепсия) — (грекче: Epilepsia - кармоо, эпилепсиялык талма; синонимдери morbus sacer, morbus divinus, morbus comitialis, “кулоо оорусу[1]”) -, булчуңдардын тырышуусу менен кыска мөөнөткө эс-акылын жоготуп жана амбулатордук автоматизмдин токтоп калуусу менен мүнөздөлгөн оору. Амбулатордук автоматизмдер айлана-чөйрөдөн толук алыстап кеткен пациенттер аткарган автоматташтырылган иш-аракеттер түрүндө көрүнөт. Дүйнө жүзү боюнча 50 миллионго жакын адам глобалдык масштабда эң көп кездешкен неврологиялык оорулардын бири болгон эпилепсия менен ооруйт[2].

Талма — мээ клеткаларынын тобундагы ашыкча электр разряддарынын натыйжасы. Мындай агымдар мээнин ар кайсы бөлүктөрүндө пайда болушу мүмкүн. Талма оорулары эс тутумдун анча-мынча начарлап кетишинен же булчуңдардын карышып калуусунан тартып, катуу, узакка созулган конвульсияларга чейин созулушу мүмкүн. Талмалардын жыштыгы ар кандай, жылына бир жолудан кем же күнүнө бир нече жолу болушу мүмкүн. Оозунан ак көбүк агат, айрым учурда тилин чайнап алгандыктан кан аралаш көбүк чыгат. Заара, заң эрксиз чыгып кетиши мүмкүн. Диртилдөө 1—2 мин. созулат. Талма кармап өткөндөн кийин оорулуу уктап калат[3].

Тарыхы (тарыхый очерк) түзөтүү

Талма оорусу биздин заманга чейин эле белгилүү болгон. Веда мезгилиндеги индия медицинасында да бул оору жөнүндө жазылган. Гиппократтын “Ыйык оору” жөнүндө жазуусун антикалык илимпоздор сынга алган жана эпилепсия кээ бир табышмактуу күчтөрдөн эмес, табигый себептерден улам пайда болгон мээ оорусу катары каралат. Илгерки гректерге кудайлар гана адамды бутунан жыгып, анын акылын тартып алып, денесин өздөрү башкарып, андан кийин оорунун көрүнгөн көрүнүштөрү жок болгондой эле өзүнө келүүгө аргасыз кылгандай сезилген[4]. Ошондуктан, оору "ыйык оору" деп аталып калган. Ошондой эле, бул оорунун сүрөттөлүшүн жана дарылоо-профилактика жүргүзүү боюнча кеңештерди Ибн Сина (Авиценна) жазып кеткенин эстетип коюу зарыл.

XVII-XVII кылымдарга эпилепсия тууралуу Бургавдын (H. Bourhaave) жана  Тиссонун (S. A. Tissot, 1770) эмгектери тиешелүү. Оорунун изилдөө жаңы этабынын башталышы XIX кылымга туура келет, Браве (L. F. Bravais) 1827-жылы жергиликтүү тырышууларды (эпилепсиянын локалдык формалары) сүрөттөгөн. Ал эми, А. Кожевников өзүнүн атына коюлган (Кожевникодун эпилепсиясы)  эпилепсиянын жаңы формасын жазат. Оорунун изилдөө тарыхында В. М. Бехтереванын эскперименталдык жана клиникалык иштери чоң роль ойногон. Ошондой эпилепсия оорусун изилдөөгө көп окумуштуулар салым кошкон[5].

Симптомдору түзөтүү

Эпилепсия белгилери мээнин кайсы жеринен башталып, канчалык жайыла тургандыгына байланыштуу өзгөрүлүп турат. Мисалы, ориентирдин же аң-сезимдин жоголушу, ошондой эле кыймылдын, сезимдин (анын ичинде көрүү, угуу жана даам), көңүлдүн же башка когнитивдик функциялардын бузулушу. Талма кармаган адамдарда башка физикалык көйгөйлөр (мисалы, жыгылып калуусуна байланыштуу сыныктар жана көгөрүүлөр) болушу мүмкүн. Ошондой эле аларда тынчсыздануу жана депрессия сыяктуу психологиялык бузулуулар көп кездешет. Кээде оорулуу тырманат, бир нерсени термелеп жыйнайт, бир орунда тегеренет. Оор талма кармаганда оорулуу капысынан эс-акылын жоготуп, булчуңдары карышып, колу, буту сунулат, кежигеси тырышат. Жаактары карышып, тили чайналат. Дем алуу булчуңдарынын тырышуусунан дем алуу бузулат, өңү кара көк тартып дене диртилдей баштайт, башын, чыканагын урунтуп алуусу ыктымал.Эпилепсия менен ооруган адамдардын мезгилсиз өлүм коркунучу жалпы калкка караганда үч эсе жогору, ал эми жогорку көрсөткүчтөр кирешеси төмөн кедей өлкөлөрдө жана айыл жеринде байкалган.

Оорунун жайылышы түзөтүү

Дүйнө жүзү боюнча болжол менен 50 миллиондой адам жабыркаган эпилепсия оорулардын глобалдык түйшүгүнүн олуттуу бөлүгүн түзөт. Эпилепсия менен ооруган жалпы калктын үлүшү (башкача айтканда, талма кармалып же дарыланууга муктаж болуп жатат) учурда 1000 адамга 4төн 10го чейин деп болжолдонууда.

Жыл сайын глобалдык деңгээлде болжол менен беш миллион адамга эпилепсия диагнозу коюлат. Кирешеси жогору өлкөлөрдө жыл сайын 100 миң калкка 49 жаңы учур катталат. Төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө бул көрсөткүч эки эседен жогору болушу мүмкүн (100000 калкка 139 учур). Эпилепсия менен ооруган адамдардын дээрлик 80% аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө жашашат[6].

Себептери түзөтүү

Эпилепсияны жуктуруп алуу мүмкүн эмес. Негизи оорулардын көптөгөн патогенетикалык механизмдери эпилепсиянын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн болгону менен, анын жарым этиологиясы белгисиз бойдон калууда. Эпилепсиянын себептери төмөнкү категорияларга бөлүнөт: структуралык, генетикалык, инфекциялык, зат алмашуу, иммундук жана белгисиз этиологиялык факторлор. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • төрөткө чейинки же перинаталдык мезгилдеги мээнин жабыркашы (гипоксия же төрөт травмасы, аз салмакта төрөлүү);
  • ушул факторлордун таасиринен келип чыккан мээнин туура эмес өнүгүшүнө байланыштуу тубаса аномалиялар же генетикалык шарттар;
  • баш травмасы;
  • инсульт, натыйжада мээге жетиштүү көлөмдө кычкылтек берилбейт;
  • менингит, энцефалит, нейроцистицеркоз сыяктуу мээ инфекциясы;
  • кээ бир генетикалык синдромдор;
  • мээ шишиги.

Ошондой эле; зат алмашуунун бузулушу, гипогликемия, гипопаратиреоз, фенилкетонурия, кан тамырлардын оорулары жана инсульт, мээ инфаркты, васкулит, мээге кан куюлуу, мээдеги көлөмдүк процесстер, неоплазмалар, интракраниалдык кан агуулар,  гематомалар, мээнин тубаса кемтиктери, мээ травмасы, баш сөөктүн сынышы, мээнин гипоксиясы, адамс-Стокс синдрому, анестезия, көмүр кычкыл газына уулануу, CNS инфекциясы, менингит, ВИЧ инфекциясы, мээнин ириңдөөсү, энцефалит, нейросифилис, кутурма, башты маң кылуучу каражаттардын, баңгизаттардын көп колдонулуусу, алкоголизмден көз карандылык ж.б себеп болушу мүмкүн[7].

Талмадагы психикалык бузулуулар түзөтүү

Эпилепсиядагы психикалык бузулуулар бейтаптын мүнөзүнүн өзгөрүшү жана ар кандай психопатологиялык бузулуулар менен көрүнөт. Көпчүлүк учурларда инсандык өзгөрүүлөр ушунчалык конкреттүү болгондуктан, туура диагноз коюуга болот. Бейтапка эксплозивдүү белгилер мүнөздүү - ар кандай деңгээлдеги ачуулануу, кичинекей эле нерселерге асылуу, чыдамсыздык, нааразычылык, таарыныч. Кээде ачуулануу, оройлук, уруш-талаштар менен агрессивдүү аракеттерге чейин коштолот. Мындай бейтаптар өжөрлүккө жакын, карама-каршылыктарга жол бербейт, өздөрүнүн тууралыгына ишенишет. Ошол эле учурда, мүнөздөрдүн бири-бирине карама-каршы келген мүнөздөмөлөрү: уялчаактык, тартынчаактык, кайгы-капа, белгисиздик, ошондой эле өзүн-өзү басмырлоо тенденциясы, сүйлөшүү учурундагы аша чапкан сылыктык, мамиледе урмат-сый жана жумшактык, алардын маектешинин пикири менен макул экендигин баса белгилөө. ага суктануу – дефензивдүүлүк (коргонуу) деп аталат.

Эпилепсия менен ооругандардын маанайы, адатта, тез-тез өзгөрүлүп турушу мүмкүн - көңүлү чөгүп, ачуулануу, кастык жана үмүтсүздүк сезиминен көтөрүлүп, же бир аз толкунданганга чейин. Маанайдын өзгөрүшү стихиялуу түрдө да, күнүмдүк окуялардын жана  ар кандай таасирлердин негизинде болот. Ошондой эле, интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрү да өзгөрүлмө: аларда ой жүгүртүүлөрдүн басаңдашы, концентрациянын жетишсиздиги же жөндөмсүздүк, иштин көрсөткүчү төмөндөп, же өтө эле активдүү болуп, көп сүйлөй баштап, жакында эле аларга мүмкүн эместей сезилген ишти жасай алышат[8].

Алар адатта абалынын ар кандай баалашкандыгына карабастан, жалпысынан дарылоонун оңолушуна жана эпилепсиядан айыгышына ишенишет (эпилепсиялык оптимизм). Эпилепсиялык оптимизм көбүнчө бейтаптар өздөрү аткара албай турган нерселерди жана жоопкерчиликти өз ыктыяры менен алышкандыгын түшүндүрөт. Ошол эле учурда, көптөгөн пациенттерге астеникалык мүнөздөмө берилет (гиперестезия, чарчоо күчөп, алардын жөндөмдөрүнө ишенбегендик ж.б.) жана реакциянын истерикалык формалары - истерикалык талмага чейин (невроздор, истерикалык невроз, психопатия).

Диагноз түзөтүү

Диагноз анамнездин, клиникалык көрүнүштүн жана лабораториялык методдордун негизинде коюлат жана төмөнкү клиникалык белгилердин жыйындысын эстен чыгарбоо керек: стереотиптик кайталоого жакын пароксизмалдуу бузулуулардын болушу, пациенттин кулк-мүнөзүндөгү мүнөздүү өзгөрүүлөр, прогрессия (пароксизмалардын жыштыгынын көбөйүшү, алардын трансформациясы, психикалык бузулуулардын көрүнүшү), электроэнцефалографиялык (ЭЭГ) текшерүү учурунда эпилепсиялык активдүүлүк[9]. Эпелепсия тырышуунун активдүүлүгүнүн түрү менен мүнөздөлөт, жогорку амплитудадагы кескин разряддар, чоку комплекстери - жай толкун же курч толкун - жай толкун.

Кээ бир байкоолордо пароксизмалдык активдүүлүк функционалдык жүктөм учурунда гана пайда болот (жарык, үн, гипервентиляция). Бирок, электроэнцефалографиялык (ЭЭГ) маалыматтарды эпилепсиянын диагноздоонун чечүүчү критерийи катары колдонууга болбойт, анткени эпилепсиялык типтеги пароксизмалдык активдүүлүк оорунун алгачкы этаптарында байкалбашы мүмкүн, ошондой эле мындай активдүүлүк башка ооруларда да байкалышы мүмкүн.

Эпилепсиянын эпилептиформ синдромдору менен дифференциалдык диагностикасында мээнин шишик, абсцесс, нейревревматизм сыяктуу ооруларында байкалат, ушул ооруларга мүнөздүү клиникалык жана параклиникалык белгилер (убактылуу парез жана паралич, афазия кубулуштары, мээ-жүлүн суюктугундагы патологиялык өзгөрүүлөр ж.б.). Эпилептиформ синдрому бул учурларда көбүнчө тоник приступтарынын басымдуулук кылышы, каршылашма талма жана эпилепсияга мүнөздүү психикалык бузулуулардын жоктугу мүнөздүү.

Дарылоо түзөтүү

Эгерде эпилепсияга шектүү болсо, дарылоонун алдында бейтап  комплекстүү текшерүүдөн, анын ичинде невропатологдун текшерүүсүнөн, анамнезин изилдөөдөн өтүшү керек. Үй-бүлөлүк ооруканадан  кан анализи, баш сөөктүн рентгенографиясы, түбүн текшерүү, мээ кан тамырларынын УЗИ доплерографиясы. Компьютерлештирилген рентгендик же мээнин магниттик-резонанстык сүрөтүн колдонуп, нейроймография жүргүзүү милдеттүү.

Дары-дармек менен (медикаментоздук) дарылоо эпилепсиянын негизги дарылоосу болуп саналат. Эпилепсияны дары менен дарылоонун принциптери индивидуалдаштыруу, үзгүлтүксүздүгү жана анын узактыгы болуп саналат. Монотерапияга көңүл буруу жакшы практика деп эсептелет - дарыгер бир дарыга таасир этүүгө аракеттенет, анткени политерапия (ар кандай дары-дармектердин айкалышы) терс таасирлерди жаратат[10]. Ушул эрежелердин бардыгы эпилепсияга каршы терапиянын төмөнкү жоболорун ишке ашыруунун негизинде камсыздалат:

  1. эпилепсияга каршы дары-дармек (ЭКД) менен дарылоону эрте баштоо;
  2. монотерапиянын артыкчылыгы;
  3. берилген (ЭКД)ны пациенттин эпилепсиялык талма түрүнө ылайык тандап алуу;
  4. бир препарат менен басып алууну контролдоого жетишпеген учурларда рационалдуу айкалыштарды колдонуу;
  5. терапиялык натыйжаны камсыз кылган дозаларда, максималдуу жол берилгенге чейин эпилепсияга каршы дарыларды дайындоо;
  6. белгиленген (ЭКД) фармакокинетикалык жана фармакодинамикалык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен;
  7. кандагы (ЭКД)дин деңгээлин контролдоо;
  8. (ЭКД)ди бир эле мезгилде жокко чыгарууга же алмаштырууга жол берилбестик (дары-дармектерге болгон жеке чыдамсыздык учурларын кошпогондо)

Заманбап эпилепсияга каршы дары-дармектер шарттуу түрдө негизги терапиялык дары-дармектерге же 1-катардагы дары-дармектерге жана жаңы муундагы дары-дармектерге (2-катардагы) бөлүнөт. Негизги дары-дармектердин катарына фенобарбитал, примидон, бензобарбитал, фенитоин, карбамазепин, вальпрой кислотасы жана анын туздары (валпроат) жана этосуксимид кирет. Ал эми, колдонууга бекитилген 2-катардагы  жаңы муунундагы дары-дармектердин катарына ламотриджин, топирамат, габапентин, тиагабин, окскарбазепин, леветирацетам, бензодиазепин-клоназепам кирет[11].

Профилактика түзөтүү

Эпилепсиянын этиологиясындагы тукум куучу фактордун белгилүү бир ролу менен байланышкан алдын алуу биринчи кезекте, эпилепсия менен жабыркаган эки адамдын баш кошуусунун алдын алууга, тобокелге салынган тукум куума жүгү бар үй-бүлөлөрдөгү балдарды атайын көзөмөлгө алуу керек: аларга мезгил-мезгили менен ЭЭГдан текшертип туруу, профилактикалык эмдөөлөр чектелип, антигистаминдер температуранын көтөрүлүшү учурунда жугуштуу ооруларга каршы  дары-дармектер сунушталат, ошондой эле бензодиазепин тобундагы дары-дармектер. Түйүлдүктү төрөткө чейинки коргоо, төрөт травмаларын алдын алуу, төрөттөн кийинки инфекциялардын алдын алуу боюнча чаралар керек.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. “Большая медицинская энциклопедия” А.Н.Бакулев/ изд.”совет. энциклод-я”. Москва 1964. Том 35. 649-бет
  2. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/epilepsy
  3. Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кыргыз ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8
  4. http://www.epilepsia365.ru/pencyclopedia/show.htm?id=227
  5. https://xn--90aw5c.xn--c1avg/index.php/%D0%AD%D0%9F%D0%98%D0%9B%D0%95%D0%9F%D0%A1%D0%98%D0%AF
  6. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/epilepsy
  7. https://gufo.me/dict/medical_dict/%D1%8D%D0%BF%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D0%BF%D1%81%D0%B8%D1%8F
  8. Болдырев А. И. Эпилептические синдромы, М., 1976; Карлов В.А. Терапия нервных болезней
  9. Gufo.me https://gufo.me/dict/medical_dict/%D1%8D%D0%BF%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D0%BF%D1%81%D0%B8%D1%8F
  10. https://www.neurology.ru/epileptologicheskiy-centr/lechenie-epilepsii
  11. https://www.rlsnet.ru/articles_442.htm