Таншань – Кытайдын түндүгүндөгү шаар. Хэбэй провинциясында. Калкы 1,6 млн (2010; агломерациясы менен 2,9 млн). Темир жол станциясы. Көмүр казып алуу жана оор өнөр жайынын ири борбору. Кара металлургия, машина куруу (автомобиль, темир жолдун кыймылдуу бөлүгү), нефть ажыратуу, химиялык, текстиль, цемент өндүрүү, карапа өнөр жай ишканалары жана фарфор буюмдар өндүрүшү (Кытайдагы фарфор өндүрүүчү 5 шаардын бири) иштейт. Институт бар. Туризм өнүккөн. Шаар 1976-жылы жер титирөөдөн катуу жапа чеккен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү