Таранчылар (лат. Passer) – өрмөкчүлөр тукумундагы куштар уруусу. Бардык жерде таралган. Кыргызстанда 3 түрү (үй же сарай таранчылары, талаа жана испан же кара төш таранчылар) кездешет. Үй же сарай таранчыларынын (P. domesticus) дене узундугу 15–17 см. салмагы 30–35 г. Эркегинин жону күрөң; кара тактары бар; төбөсү көк, алкымы кара, боор жагы агыш; ургаачысынын өңү – күрөн. Айыл кыштакта, шаарда туруктуу жашайт. Жылына 2–3 жолу уялап, 5–6 жумуртка тууйт. Балапандарын ар кандай зыяндуу курт-кумурскалар менен азыктандырып, көп пайда келтирет. Талаа таранчылары (Passer montanus) үй таранчыларынан кичирээк, башы күрөң, эркек-ургаачысынын өңү бирдей. Ал көбүнчө талаада, айрыкча жол, суу жээгиндеги жарга, бак-даракка уялайт. Ар кандай зыяндуу курт-кумурскалар менен азыктанат. Бирок айрым жерлерде буудай, арпа, таруу данын жеп зыянга учуратат. Кара төш таранчылар (P. hispaniolensis) Орто Азияда таралган, келгин чымчык. Көбүнчө эгин талааларына жакын бак-дарактарга топтошуп уялашат да, эгинди жеп, көп зыян келтирет. Мындай жерлерде аларга ууландырылган дан чачып, жок кылуу иштери жүргүзүлөт.

Талаа таранчылары (Passer montanus).

Колдонулган адабияттар түзөтүү