Тарбагатай кырка тоосуКазакстан менен Кытайдын чек арасында. Ала-Көл жана Зайсан көлдөрүнүн аралыгында. узундугу 300 км, бийиктиги 2992 м (Тастау чокусу). Сланец, акиташ, кумдук жана граниттерден турат. Түндүк капталы түштүгүнөн жантайыңкы, кыры жылаңач чокулуу. Акиташтуу жерлерде карст өөрчүгөн. Капталдары капчыгайлуу. Бир нече майда суулар башталат. Too этегин жарым чөл жана талаа өсүмдүгү ээлейт. Дарыя өрөөндөрүндө бак-дарактар, түштүк капталдарында бадал өсөт. Аркар, элик, суур, кекилик ж. б. жаныбарлар мекендейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү