Тармал бирказан (Pelecanus crispus), (Bruch, 1832):

Pelecanus crispus

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Монголиянын, Шиңжаңдын, Батыш Сибирдин, Казакстандын, Кичи Азиянын көлмөлөрү, Түштүк Европанын жээктери. Кыргызстанда жазгы жана күзгү келгин кезинде Чүй өрөөнүндө жана Ысыккөлдө (Григорңевка айылынын жанында Акбулуңда жана көлдүн батыш жагы) кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Бадалдуу, камыштуу, балыктарга бай жасалма жана табигый көлмөлөрдө өткүл мезгилинде учурайт.

Саны түзөтүү

2-3 куштан учурайт. Эки жолку кездешүүдө 6-7 куш. Келгин учурунда жалпы саны белгисиз.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Келгин куш. Аралчаларда уялайт, кээде кызгылт бирказан менен бирге болот. Марттын аягында – апрелдин башында 2-3 жумуртка тууйт, аны 40 күн басат. Балык менен азыктанат. Кара карга, күмүш чардактар уяларын бузушат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Келгин кезинде балыктарга жарды, жашынуучу көлмөлөр аз. Көлмөлөрдүн гидрологиялык режими өзгөрүлүшү менен байланыштуу жашаган же уялоочу жеринин өзгөрүлүшү, аларды чарбага пайдалануу, уу химикаттарды колдонуу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок, бирок көптөгөн зоопарктарда багылат.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Сезондук заказниктерди жана келгин мезгилинде эс алуучу жайлары катары Борбордук орнитологиялык территорияларды (БОТ) уюштуруу.

Статусу түзөтүү

V категория, Vulnerable, VU, A2c+3с. Монотиптүү түр. Евразиянын территориясында эки түрдүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү