Тарский Альфред (1902–1988) – польшалык логик, математика, илим методологу жана аналитикалык философиянын Львов-Варшава мектебинин эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. 1938-жылдан АКШда жашаган. Тарскийге моделдер теориясы, анын түшүнүктөрүнүн аныкталмасы боюнча, математикалык логиканын жана математика негиздеринин ар түрдүү бөлүктөрү, алардын чыгарылып чечилүүлөрү бир катар маанилүү, белгилүү жетишкендиктер, натыйжалар тиешелүү.

Альфред Тарский

Логикалык семантиканы негиздөөчүлөрдүн бири. Анын чыгармачылыгында дедуктивдик илимдердин методологиялык проблемаларын, илимий аңдап-билүүдөгү формалдык методдордун (аксиоматикалык метод, формализациялоо ж. б.) аңдап-билүү мүмкүнчүлүктөрүн жана колдонулуучу чектерин изилдөө бир кыйла орун ээлеп турат. Формалдашкан тилдердеги чындык түшүнүгү» (1936) деген эмгегинде логикалык семантиканын жана метологиканын дагы илгерилеп өнүгүшүнө негиз салган. Анда формалдашкан теориялардагы чындык түшүнүгүнүн өзгөчө мазмунун жана аны пайдалануунун жолун ачып көрсөткөн; формалдашкан тилдердин чоң тобу үчүн чындык түшүнүгүнө аныктама берген.

Философиялык – методологиялык көз караш боюнча алганда, бул эмгектеги эң маанилүү натыйжа-формалдашкан теориялардын таасирдүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү ички чектелүүлөрдү далилдегендик болуп саналат. Тарскийдин жетишкендиктери илимий билимди толук формалдаштырууга эч болбогондо ынануу жолунда маанилүү учур (веха) болду, ошондой эле аңдап билүүдө мазмуундуулук менен формалдуулуктун диалектикалык байланышын терең элестетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Тарскийдин эмгеги айрыкча семиотиканын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизди, формалдык методдорду мазмундуу проблемаларды жана теорияларды анализдөөгө колдонууда үлгү болуп кызмат кылды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004