Тасман деңизиТынч океанындагы четки деңиз. Батышынан Австралия жана Тасмания, чыгышынан Жаңы Зеландия, Норфолк, Жаңы Каледония аралы менен чектешет. Аянты 3336 миң км2. Орточо тереңдиги 3285 м\ эң терең жери 6015 м чейин. Суунун үстүнкү катмарынын температурасы 9–15°Сден (түштүк) 23-27°Сге (түндүк) чейин. Туздуулугу 35–35,5%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт. (бийиктиги 5,3 м чейин). Балык (тунец, скумбрия, сайра ж. б.) кармалат. Жээгинде Сидней, Ньюкасл (Австралия), Окленд, Нью-Плимут (Жаңы Зеландия) порттору бар. Голландиялык деңиз саякатчысы А. Я. Тасмандын атынан аталган.

Тасман деңизи.

Колдонулган адабияттар түзөтүү