Ташкен (өзб. Toshkent) - Өзбекстандын борбору. Ташкен областынын административдик борбору. Республикасынын түндүк-чыгышында, Чыйырчык дарыясынын өрөөнүндө (Сыр- Дарыянын алабы), деңиз деңгээлинен 455 м бийиктикте жайгашкан. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6°С, июлдуку 32°Ска жетет. Жылдык жаан-чачыны 360–390 мм. Орто Азиядагы калкы көп шаарлардын бири. Калкы 2,3 млн (2013, агломерациясы менен 3,2 млн; калкынын саны боюнча КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн ичинен 4-орунда). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жана илимий ири борбору. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу [айыл чарба машиналарынын чыгаруучу негизги ишканалары: «Ташсельмаш», «Узбексельмаш» жана Ташкент трактор заводу, жеңил ж. б. өнөр жай үчүн жабдуу, электроника техникалары («Фотон», «Спутник», «Миконд» заводдору), авиа куруу («ИА-76»; КМШдагы аскерий-транспорт самолётун чогултуучу жалгыз завод ж. б.], жеңил (кебез, кездеме, трикотаж, бут кийим), химиялык, химиялык-фармацевтика, тамак-аш. Ошондой эле «Зенит» заводу, 1991-жылдан Түштүк Кореянын «Goldstar» фирмасы менен бирдикте видеомагнитофон жана видеоплейерлерди чыгарат. Шаарда чет өлкөлүк компаниялардын офиси, бизнес жана ишкер борборлор, автосалондор, нефть-газ компаниялары жайгашкан. Өзбекстан Илимдер академиясы, 21 жогорку окуу жайы (анын ичинде улуттук университет, консерватория, медициналык академия, театр-көркөм институту, информациялык технология, Эл аралык Вест-минтсерский университет, диний семинария, ислам ж. б.), ошондой эле Мирзо Улукбек атындагы астроном. институт, Орто Азия токой Илим-изилдөө институту иштейт. Үй-музейлер (анын ичинде Гафур Гулям, Айбек Муса Ташмухамедов, Мухтар Ашрафи, Юнус Ражаби), Тамара ханумдун мемориалдык музейи, Анна Ахматованын мемориалдык клубу (1986) ачылган. Навои атындагы Чоң Өзбек опера жана балет, орус драма жана «Ильхом» театрлары, музейлер (анын ичинде искусство, прикладдык, тарых, тимуриддер тарыхы ж. б.), китепкана ж. б. бар. Шаарда кооз тарыхый архитектуралык эстеликтер кездешет. Шейхантаур (14-кылым), Каффаль Шаши мавзолейлери, Барак-хан, Кукелташ медреселери (экөө тең 16-кылымда курулган), Жунус-хан (15-кылым) күмбөзү, католик собору, лютеран чиркөөсү сакталган. Зоопарк, ботан. жана япон бактары уюштурулган. «Ташкент-Ланд» оюн-зоок өткөрүлүүчү парк, аквапарк курулган. Ташкентте 1966-жылы 26-апрелде катуу жер титирөө, 1999-жылы 22-ноябрда терракт болгон. Ташкенттеги телемунара Борбордук Азиядагы эң бийик (бийиктиги 375 м, дүйнөдөгү Ючу) мунара. Ташкентте 1968-жылдан 1988-жылга чейин Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттеринин эл аралык кинофестивалы эки жылда бир өткөрүлүп келген. Аны 2011-жылдан кайрадан калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Шаар
Ташкен
Герб
Герб
Өлкө Өзбекстан
Координаттар 41°16′ с. ш. 69°13′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 11 район
Башчысы Жахонгир Ортикхужаев
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген II к. б. з. ч.
Мурунку аталышы Чач, Шаш (Мадина́-аш-Шаш), Бинке́т (Бинка́т)
Аянты 334,8[1] км²
Борборунун бийиктиги 455 м
Климатынын түрү мелүүн континенттик
Убакыт аралыгы UTC+5
Калкы
Калкы 2 371 300 адам (2015)
Улуттук курамы өзбектер 65,0 %
орустар 18,0 %
татарлар 4,5 %
корейлер 2,2 %
казактар 2,1 %
башкалар 7,0 %
Диний курамы мусулмандар, христиандар, атеисттер
Этнохороним ташкендик, ташкендиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +998 71
Почта индекси 100000 [2]
Автоунаа коду 01—09
Расмий сайты http://tashkent.uz/
 (өзб.)  (орус.)
Ташкен (Өзбекстан)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Справка о городе на официальном сайте хокимията г. Ташкент
  2. Узбекское Агентство связи и информатизации. Почтовые индексы