Айдаров Ташпай (1919, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Канышкыя кыштагы) - малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1971). 1932-жылдан Чаткал районундагы «Победа» колхозунда колхозчу, баш чабан, 1958-жылдан «Чаткал» совхозунун (азыркы «Каныш-Кыя») баш чабаны. Койдун санын көбөйтүүдө жогорку ийгиликтерге жетишип, 1970-ж. ар жүз тубар койдон 140тан козу алып, чыгашасыз асыраган, ар койдон 4,2 кг жүн кыркып алган. 1975-80-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.