Тбилиси (1936-ж. чейин Тифлис) – Грузин Республикасынын борбору (1921-жылдан), Тбилиси ойдуңунда, Кура дарыясынын боюнда жайгашкан. Климаты субтропиктик. Жайы ысык жана узак, кышы жумшак. Январдын орточо температурасы 1°С, июлдуку 25°Ска жакын. Жылдык жаан-чачыны 400-600 мм. Калкы 1,14 млн (2010). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Машина куруу (станок, электровоз, приборлор, айыл-чарба машиналары ж. б.), жеңил, тамак-аш, жыгаччылык, химиялык өнөр-жай ишканалары иштейт. Грузин ИАсы, ЖОЖдор (анын ичинде университет, консерватория), театрлар (анын ичинде опера жана балет, A. С. Грибоедов атындагы орус, Ш. Руставели атындагы, К. А. Маржанишвили атындагы драма), 20дан ашык музейлер (анын ичинде С. Жанаиша, искусство, сүрөт галереясы, адабият ж. б.), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн) ж. б. бар. Нарикала цитаделинин калдыктары (4-кылым; 16–17-кылымдар), Анчисхати (6- жана 17-кылым), Метехи (1278–89) чиркөөлөрү, Сиони кафедралуу собору (6–7-кылымдар), Ростом хандын мончосу (17-кылым) сакталган. Тбилисинин түштүк-чыгыш бөлүгүндө балнеол. курорт иштейт. Туризм өнүккөн.

Тбилиси
თბილისი
желек
Туусу
герб
герби
Өлкө

Грузия

Мэр

Каха Каладзе

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

458

Биринчи белгиленген

IV кылым

Мурунку аталышы

Тифлис

Аянты

726

Бийиктиктиги

100

Калкы
Калкынын саны

1 118 300 (2015)

Жыштыгы

1540 адам/км2

Улуттук курамы

грузиндер (84,2%), армяндар (7,6%), орустар (3,0%), күрттөр (1,6%), осетиндер (1,4%), азербайжандар (1,0%)

Этнохроним

тбилисилик, тбилисиликтер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+4

Телефон коду

32

http://www.tbilisi.gov.ge


Колдонулган адабияттар түзөтүү