Тверь (1931–1990-жылдары Калинин) – Россиядагы шаар, Тверь облусунун административдик борбору. Волга дарыясындагы порт. Калкы 411,0 миң (2014). Темир жол бекети. 1135-ж. негизделген. Машинакуруу (вагон, экскаватор, жарым чиркегичтер ж. б.), химиялык (химиялык буласы ж. б.), энергетика, жеңил, полиграфия, тамак-аш, курулуш материалдарын даярдоо өнөр-жай ишканалары иштейт. Жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет), театрлар, музейлер (анын ичинде М. Салтыков-Шедрин), сүрөт галереясы, эс алуу парктары ж. б. бар. Баатырларга эстеликтер орнотулган. Соборлор [анын ичинде Белая Троица (1564), Успенье (1722), неоорус стилиндеги Воскресенье, классидизм стилиндеги коомдук жана турак-жай ансамблдери (18–19-кылымдар)] сакталган. Шаар 12-кылымда пайда болуп, Ешгач 1209-ж. эскерилет. 1247-ж. Тверь княздыгынын борбору болгон. 1485-ж. Москва улуу княздыгына кошулган. 2010-ж. ардактуу «Аскер даңкы» наамын алган.

Тверь (Волга дарыясы).

Колдонулган адабияттар түзөтүү