Теизм – (грек тилинен келген theos – кудай) – мазмунун кудай жөнүндө түшүнүк түзгөн, Кудайдын жашоосун негиздеген, анын дүйнөгө жана адамга жасаган мамилелери жөнүндө элестеткен диндик көз караш. Кудай жөнүндө түшүнүк алгачкы общиналык коомдогу көп түрдүү дин менен бирге келип чыккан. Ал эми Теизм деген сөз 1743-жылы англиялык философ Р. Кэдворд тарабынан киргизилген.

Бул терминден келип чыккан түшүнүктү кеңитип айтканда Кудай бардык жагынан жакшыртылган абсолюттуу болмуш, негиз, маңыз, жашоо, руханий реалдуу дүйнө, дүйнөнү жараткан чексиз акыл-эстүү инсан жана дүйнө ичинде да дайыма ишмердүүлүктү көрсөтүп, тез-тез укмуштууларды, укмуштуу окуяларды болтуруп турат. Ошол эле учурда Кудай өзү дүйнөдөн тышкары турган, билүүгө мүмкүн болбогон трансценденттик элес, образ. Кудай жөнүндөгү мындай түшүнүк менен Адам жөнүндөгү түшүнүк бирдиктүү бир дене катарында коштолгон. Анткени, адамдын Кудай менен табигый биригүү керектөөсү бар, ошондуктан ал Кудай менен жеке контактта (байланышта) болууну изилдейт.

Теизм монотекстүү, ал Кудайдын болмушун танган атеизмге, кудайды инсан катарында таанып, тигил же бул формада Кудайды, дүйнөнү, жаратылышты бири-бирине окшоштурган пантеизмге, Кудайдын инсандыгын, Кудурет менен укмуштун идеяларын четке каккан деизмге каршы турат. Теизм өзү менен пантеизмди бириктирүүгө умтулган пантеизмге да каршы турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү