Телеграф (теле... жана ...граф) – 1) байланыштын кыскача жалпы аталышы; 2) телеграммалардыжиберүүгө жана кабыл алууга адистештирилген байланыш ишканасы. Мурда Телеграф ишканасы республиканын борборуна же облусу борборлорго жайгаштырылган. Ал бардык шаар байланыш бөлүмдөрү, өз аймагы боюнча райондук байланыш түйүндөрү менен тике, ошондой эле өлкөнүн башка Телеграфтары менен байланышта болгон. Телеграфта телеграммаларды жиберүүчү жана кабыл алуучу техникалык жабдуулар, жыштык-телеграфтоо каналын түзүүчү аппаратуралар, энергетикалык туташтыруулар орнотулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү