Адышева Тенти (1920, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күнчыгыш айылы - 19. 4. 1984, Фрунзе) - акын, Кыргыз эл акыны (1980). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1955), Кыргызстан ЛКСМ Борбордук Комитетинин секретары (1937), Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин председатели (1949-51), Республикалык саясий жана илимбилим боюнча комитеттин бөлүм башчысы, Авторлордун укугун коргоонун бүткүл союздук башкармасынын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы (1956-76) болуп иштеген. Адабият ишине 1947-жылдан баштап киришет. Алгачкы жыйнагы «Заманым» 1961-ж. жарык көргөн. Чыгармаларында акын Ата Мекен, тууган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда соңку мезгилде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнчө кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Акындын «Жарык дүйнө» (1965), «Таалай» (1972), «Ырлар жана поэмалар» (1979), «Ой толгоо» (1980), «Менин күнүм» (1983) аттуу китептерине, чыгармалар жыйнагынын бир томдугуна (1987) топтолгон ырларынын өзөк идеясы да ушундай. «Өткөн замандан бир элес», «Каптагайдын кызы», «Жаңылдын элеси», «Таалай», «Эстелик» жана башка поэмалардын дээрлик бардыгы аялдар темасына арналган. Аталган поэмалардын арасынан идеялык мазмуну жана көркөмдүк касиети жагынан «Жаңылдын элеси» айырмаланып турат. Чыгарма Жаңыл Мырза жөнүндөгү элдик аңыздын негизинде жазылган. «Кылы үзүлгөн комузум» эскермесинде Адышеванын адабиятка жана көркөм чыгармачылыкка карата көз караштары, кыргыздын алгачкы муундагы акын-жазуучуларынын, көркөм өнөр кызматкерлеринин жана илимпоздорунун, 1930 -60 жылдардагы интеллектуалдык маданий турмушунун калыптануу мезгили жөнүндө баяндалат. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1