Теория (Назария) (грек сөзүнөн theoreo – изилдейм, карайм) – кең мааниде кандайдыр бир көрүнүштү түшүндүрүүгө багытталган көз караштар, түшүнүктөр жана идеялар жыйындысы; тар мааниде болмуштун белгилүү тармагынын мыйзам ченемдүү жана олуттуу байланыштары жөнүндө жогорку өнүккөн формасы.

Теория - көп сандагы далилдердин чогулуусун жана аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизинде түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүктөрүн системага келтирет.

Теория көп учурда эмприкалык изилдөөлөргө көз каранды болбой математикалык жана логикалык формализмдер аркылуу өнүгөт. Анын мындай өз алдынчалыгы – теориялык ой жүгүртүүнүн артыкчылыгы. Бирок теория негизинен эмприкалык изилдөөлөр менен ажырагыс бирдикте аракеттенет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004