Термин, же аталгы (лат. terminus – чек ара, чек) – илим жана техника, искусство же өндүрүшкө тиешелүү атайын бир түшүнүктү атоо үчүн көбүнчө бир илимий мааниде колдонулган сөз же сөз айкаштары. Алар белгилүү бир терминологиянын чегинде гана жашайт. Термин тилдеги башка сөздөрдөн контекстке көз каранды болбогондугу менен айырмаланат. Ошондой эле ар бир тилдин грамматикалык эрежелерине баш ийип, андагы сөз жасоо ыкмалары менен жалпы элдик тилдеги сөздү Терминдештирүү, башка тилдеги Терминдерди кабыл алуу же калькалап которуп алуу аркылуу жасалат. Азыркы логикада көп учурларда Термин логика-математикалык эсептөө тилинде «ат атоочтордун» жалпы аты катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү