"Терминатор" (англ. The Terminator) - 1984-жылы Жеймс Кэмерон тарткан америкалык илимий фантастикалык тасма. Пост-апокалипсистик келечекте машиналарга каршы чыга турган Сара Коннордун (Линда Хэмилтон) баласын өлтүрүү үчүн 2029-жылдан 1984-жылга жөнөтүлгөн киши өлтүрүүчү киборг Терминаторду Арнолд Шварценеггер аткарат. Келечектеги жоокер Кайл Риз (Майкл Бин) Коннорду коргоо үчүн өткөн мезгилге жөнөтүлөт. Сценарийин жазган Кэмерон менен Гейл Анна Хөрд. "Hemdale Film Corporation" аткаруучу продюсерлери Дерек Гибсон жана Жон Дэли тасманы каржылоо жана өндүрүү иштерин камсыздашкан.

Терминатор
Режиссеру Жеймс Кэмерон
Продюсер Гейл Анна Херд
Жазуучу
  • Жеймс Кэмерон
  • Гейл Анна Хөрд
Оператору Адам Гринберг
Тартылгандар
Музыкасы Брэд Фидел
Редактору Марк Голдблатт
Жайылтуучу Orion Pictures
Чыккан жылы
  • октябрь 26, 1984 (1984-10-26)
Узактыгы 107 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ[2][3]
Тили Англис
Бюджети $6.4 млн[4]
Киреше $78.3 млн

АКШда эки жума бою эң көп көрүлгөн тасма Кэмерон жана Шварценеггердин ийгиликке жетишине шарт түзгөн. Тасманын ырааттуу уланышы, уруш сценалары жана Шварценеггердин аткаруу чеберчилиги киносынчылардын мактоосуна арзыган. Тасманын ийгилик жаратуусу дагы төрт уландысын ("Терминатор 2: Акыр заман", "Терминатор 3: Машиналардын көтөрүлүшү", "Терминатор: Куткаруу" жана "Терминатор: Генезис") тартканга түрткү болгон. 2008-жылы "Терминатор" Конгресс китепканасы тарабынан "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп табылып, Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандалып алынган.

Сюжет түзөтүү

== Тартылгандар == Аскат Сулайманов

Шилтемелер түзөтүү

  1. The Terminator. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 3 -октябрь (тогуздун айы) 2014.
  2. http://lumiere.obs.coe.int/web/film_info/?id=18093
  3. The Terminator.
  4. The Terminator (1984). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 3 -октябрь (тогуздун айы) 2014.