Термодинамикалык теңсалмактуулук

Термодинамикалык теңсалмактуулук – системанын бардык бөлүктөрүнүн температура, басым ж. б. макроскопиялык өлчөмөлөрүнүн бирдей болгондогу абалы.

Мис., идеалдык газдын (бир фазалуу система) абалы басым, көлөм, температура менен толук мүнөздөлөт. Эгерде ушул үч өлчөмү өзгөрбөсө, анда идеалдык газ Термодинамикалык теңсалмактуулук абалында болот. Реалдык системалар теңсалмактуу эмес абалда болушат, б. а. алардын өлчөмөлөрү өзгөрүп турат. Бирок ар кандай реалдык (теңсалмактуу эмес) система өтө кичине убакытта Термодинамикалык теңсалмактуулук абалында деп эсептелет. Ал эми чексиз кичине убакыт ичинде ал ого бетер теңсалмактуу болот. Ошентип реалдык теңсалмактуу эмес абал идеалдык теңсалмактуу абалдардын катарына ажыратылышы мүмкүн. Бул ыкма термодинамикада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү