Терпендер — молекулалары изопрендик звенодон түзүлгөн, жалпы формуласы (С5Н8)2+n болгон углеводород (n = 2, 3, 4 жана башкалар). Т. изопрен полимерлешүүсүнөн алынган зат катарында кароого болот. Молекуладагы изопрен звенолору саны боюнча Т. монотерпен (С5Н,)2, сесквитерпен же бир жарым Терпен (С5Н8)3, дитерпен (С5Н8)4, тритерпен (С5Н5)6,, политерпен (С5Н5)11 деп бөлүнөт. Өсүмдүктөр ткандарында (эфир майы, скипидар, чайыр, бальзам) кездешет. Молекулалары түзүлүшү боюнча ациклдүү (көмүртек атомунун ачык чынжырчалуу түзүлүшү) жана бир же бир нече ароматтык эмес шакекчелери бар циклдүү Т. болуп бөлүнөт. Монотерпен — мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук (кайноо t 150-190°С), сесквитерпен —түссүз илээшкек суюктук же жеңил б. эрий турган кристаллдык зат, жыты монотерпендикине караганда начар. Дитерпен туундуларына чайыр к-тасы (абиетин, левопимар жана башка кислоталар) кирет. Булар канифолдо жана фитол спиртинде хлорофил курамдык бөлүгү болгон татаал эфирлерде болот. Тритерпен акуланын боорунан табылган. Т. сууда эрибейт, уюлсуз орг. эриткичтерде жакшы эрийт, жеңил окистенет, полимерлешет, гидратташат, изомерлешет. Жаратылыш сырьёлорунан Т. терпеноиддер ректификациялоо, муздатуу (мис., ментолду мята майынан) жана башка методдор менен бөлүп алууга болот. Т. жана терпеноид, алардын эфир майы жана чайыры парфюмердик композицияларды жана тамак-аш эссенцияларын даярдоодо, медицинада колдонулат. Т. майлоочу майларды, инсектициддерди, мисалы, полихлорпиненди жана башка заттар алууга болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү