Тетрахорд (грек. tetrachordon -төрт кылдуу) - кварта көлөмүндөгү төрт баскычтуу добуш катары.

Тетрахорд байыркы гректердин лад түзүлүшүнүн негизин түзгөн. Добуш катарынын четки баскычтарын гректер гестот(турукгуу), эң бийик баскычты гегомон (жетекчи) ж. б. деп аташкан.

Мажордук, минордук түзүлүштө Тетрахорд октавалык ладдын өздүк бөлүгү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.