Тилме (француз тилинен rouge — кызыл) (латын тилинен erysipelas) — теринин, кээде былжыр челдин сезгениши менен мүнөздөлгөн жугуштуу оору.

Тилме

Себептер түзөтүү

Стрептококк козгойт. Козгогуч денеге айрылган, тытылган, жабыркаган тери аркылуу кирет. Кээде сыздоок жана башкалар ириңдүү жаранын кабылдоосунан пайда болот.

Түрлөрү түзөтүү

Тилменин бир нече түрү белгилүү.

  1. Оорунун жеңил түрү (эритомоздук тилме) дарылоосуз эле 3—7 күндө жакшы болуп кетет.
  2. Айрым учурда оору созулуп, бир жерден экинчи жерге өтүшү мүмкүн (жылып жүрүүчү тилме). Ыйлаакчалуу тилмеде жабыркаган териде ириңге же түссүз суюктукка толгон ыйлаакчалар пайда болот. Флегмоналуу тилмеде тери астындагы булчуң эт ириңдейт.
  3. Тилменин андан оор гангреналуу түрүндө тери жансызданат. Эч нерсе сезбей калат.
  4. Кээде эң жөнөкөй түрү кабылдап, сепсиске айланат (канга тарайт), бетке жакын жерде болсо мээ кабыкчасы сезгениши (менингит) мүмкүн.

Симптомдору түзөтүү

Адатта оору капысынан катуу кармайт. Оорулуунун эти ысып (39 — 40°), чыйрыгат, башы ооруп, кээде кусат. Катууланганда эсин жоготуп, жөөлүйт. Теринин жабыркаган жери шишип, оттун жалынындай кызарып, чыңалып чыгат, кармаганда ооруйт. Ага жакын жайгашкан лимфа түйүндөрү чоңоёт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Врач керектүү дарылоону сунуш кылат. Өз билгендей үйдө дарыланууга (компресс коюуга, йод, түрдүү майларды сыйпоо) болбойт, себеби сүйкөгөн май теринин өңүн өзгөртүп, оорунун диагнозун коюуга жолтоо болот. Тилме бир эле жерде бир нече ирет кайталашы мүмкүн.

Алдын алуу түзөтүү

Оорунун алдын алуу үчүн кокусунан сүрүлгөн, тытылган терини, майда жараат болсо тезинен йод менен сүртүү зарыл (Жара). Ар бир адам терини таза кармап, аны жабыркоодон сактоосу талапка ылайык. Муну өзгөчө тилме менен ооруп айыккан адам эсинен чыгарбашы зарыл. Тилме анча жугуштуу болбосо да оорулууга жакындоого, жараатты кармалоого болбойт. Оорулууну баккандар колун самындап жууп, спирт менен сүртүп, тазалап турууга тийиш.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8