Тобиас Винсент "Тоби" Магуайр (англ. Tobey Maguire; 1975-жылы, 27-июнда туулган) - америкалык актер жана продюсер. Ал актердук кесибин 1980-жылдардын аягында баштаган. Тоби алгачкы жолу "Сыйкырчы" (анг. The Wizard, 1989) тасмасында сүйлөбөгөн жеринде тартылган. Ал Сэм Раими тарткан "Жөргөмүш адам" (анг. Spider-Man, 2002, 2004, жана 2007) үчилтигиндеги, "Плезантвиль" (анг. Pleasantville, 1998), "Шарап жасоочулардын эрежелери" (анг. The Cider House Rules, 1999), "Таң калган балдар" (анг. Wonder Boys, 2000), "Фаворит" "анг. Seabiscuit, 2003), "Жакшы немис" (анг. The Good German, 2006), "Ага-ини" (анг. Brothers, 2009), "Улуу Гетсби" (анг. The Great Gatsby, 2013) тасмаларындагы ролдору менен таанымал.

Тоби Магуайр "Киноактерлордун Гилдия Сыйлыгына", "Алтын Глобус" жана эки жолу "Сатурн" сыйлыгына наамы көрсөтүлгөн (анын бири "Эң мыкты актер" наамы болгон). 2012-жылы ал өзүнүн Material Pictures деп аталган өндүрүштүк компаниясын негиздеп, "Жакшы адамдар" тасмасына орток продюсерлик кылган. 2014-жылы чыккан "Пешканы курмандыкка чалуу" тасмасында өзү тартылып жана продюсерлик кылган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү