Арнольд Джозеф Тойнби (1889-жылы 14-апрелде Лондондо туулган) - Британиялык тарыхчы, тарых философу, культуролог, социолог жана цивилизациялардын салыштырма тарыхы боюнча 12 томдук "Тарыхты түшүнүү" («Постижение истории») деген эмгектин автору.

Toynbee (1967)

1913-жылы Гилберт Мюррейдин кызы Разаменда Мюррейге γйлѳнгѳн. А.Тойнбинин баласы, Филлип Тойнби, - журналист,жазуучу, ал эми небереси, Полли Тойнби, - публицист.

Ишмердиги түзөтүү

Арнолдь Тойнби Оксфорддогу Винчестер жана Беллиоль колледжде 1912-жылы мугалим болуп иштеп баштаган. Андан кийин Кинг колледжде орто кылым жана Византиянын тарыхы боюнча мугалим болуп калган. 1919-1924-жылдары Лондон университетинде иштеген. Лондон экономикалык мектебинде жана Четем-Хаустагы Эл аралык мамилелер королевстволук институнда иштеп, кийин 1929-1955-жылы директор болуп турган. Тарыхый философия, социология жана политикалык маселелер боюнча изилдѳѳлѳрдγн автору. Эн жогорку денгээлде дγйнѳлγк саясатка киришγγсγ Париждеги тынчтык конференциясынын эксперти. "Тарыхты түшүнүү" («Постижение истории») (1-12 1934-1961 жж.) деген эмгеги менен белгилγγ. Бул изилдѳѳнγ 1927-жылы баштаган.

Согуш тууралуу ою түзөтүү

А.Ж.Тойнби согуш тууралуу тѳмѳндѳгγдѳй оюн айткан: «θткѳндγ, акыркы 5 миң жылдын тарыхын карап, кандай гана мамлекет болбосун согуш баштоого (эң таза максатта болсо дагы) моралдык актануусу жана укугу жок деп эсептейли, бирок кандайдыр бир «акыйкаттуулук» согушту, эгер менин ѳлкѳм же башка ѳлкѳ γчун болсо дагы трагедиялык керектγγлγк деп эсептейм.

Жергиликтүү цивилизациялар тууралуу түзөтүү

Тойнби дγйнѳлγк тарыхты цивилизациянын убактылуу бѳлγнγγчγ системасы ,жаралгандан ѳлгѳнгѳ чейин бирдей фазаны ѳтγγчγ жана «тарых дарагынын бγтγндγгγн» тγзγγчγ бутактары катары караган. Анын пикиринде цивилизация 2 негизги критерийдин жардамы мγнѳздѳлγγчγ жабык коом.

1.Дин жана анын уюшулушунун формасы.

2.коом эн алгач пайда болгон жеринен жоголуу даражасы, башкача айтканда территориалдык белги.

Тойнби жыйырма бир цивилизацияны бѳлγп караган:египеттик,анд,байыркы кытай, миной, шумер, майялык, сириялык, инд, хетт, эллиндик, батыш, ыраакы чыгыш (Япония жана Корея), православдык христиандык (Византия жана Балкан жарым аралы), православдык христиандык, ирандык, араб, индуистик, мексикалык, юкатан, вавилондук.

Андан сырткары Тойнби жаралбай калган цивилизацияларды: ыраакы батыш христиандык, ыраакы чыгыш христиан, скандинавдык, сириялык «гиксостордун доору» (б.з.ч.II мин ж.) бѳлγп атаган, кармалып калган цивилизациялар бул жаралган бирок ѳнγгγγсγ токтоп калган цивилизациялар: эскимостор, улуу тала кѳчмѳндѳрγ, осмон, спарталыктар, полинезиялыктар.

Кээ бир учурларда бири-бирин алмаштырган цивилизациялар улануучу цивилизацияны тγзѳт. Мындай цивилизациянын улануучулары γчтѳн ашпайт.

Улантуучу цивилизациялардын эн акыркылары азыркылар:

миной→эллин→батыш цивилизациясы,

миной →эллин→православдык,

миной→сирия →ислам,

шумер→инд→индуисттик цивилизация.

Окумуштуу цивилизациялардын баалуулук критерийлерин кѳрсѳткѳн: убакыт жана мейкиндиктеги туруктуулугу, башка элдер менен болгон байланыш ситуациялары. Цивилизациялардын ѳнγгγγсγ цивилизациялардын чыгармачыл азчылыгы жаратылыштын жана адамзаттын таасирине, чакырыктарына жооп табуу мγмкγнчγлγгγ менен мγнѳздѳлѳт. Тойнби чакырыктардын (вызов) тѳмѳнкγ тγрлѳрγн кѳрсѳткѳн. Ар бир цивилизация «чыгармачылык азчылык» менен жоопту берет, цивилизация ѳнγгѳт.

Россия тууралуу түзөтүү

Тойнби коммунизмди XVIIIкылымда Россияга тануулагандын, «контрсоккусу» катары караган. Коммунисттик идеялардын экспансиясы «батыш цивилизациясы» (агрессорго) «курмандыктын» жоопторунун бири. Тойнби батыш цивилизациясы ѳзγнγн ѳнγгγγ чокусуна келгенд , батыштык эмес дγйнѳнγ ѳзгѳртѳ алган цивилизация менен кагылышат деген. Тойнби XXI к. тарыхты тγзѳ турган чакырык Россия, Кытай жана ислам дγйнѳсγ тарабынан болот деген.

Чыгармалары: түзөтүү

Тойнби А.Дж. Постижение истории: сборник/пер.с англ.Е.Д.Жаркова.М.,Рольф,2001, 640с.

Тойнби А.Дж. Цивилизация перед судом истории: Сборник/пер.с англ.-М.,Рольф,2002-592с.

Тойнби А.Дж. Пережитое. Мои встречи./пер. с англ.-М.,Айрис –Пресс,2003-622с.