Томас Харди (англ. Thomas Hardy; 1840-жыл 2-июнь — 1928-жыл 11-январь) — англиялык жазуучу жана акын болгон. Жордж Элиоттун салтын улаган Виктория доорунун реалисти Харди романдарында да, поэзиясында да Романтизм кыймылынан, өзгөчө Уильям Вордсворттон таасирленген. Ал Виктория коомун аябай сын көз караш менен караган. Айрыкча өзүнүн мекени болгон Түштүк-Батыш Англияда болгон сыяктуу Британиядагы айыл элининин макамынын төмөндөшүн сынга алган.

Томас Харди.

Өмүр бою ыр жазып, өзүн негизинен акын деп эсептеген Хардинин алгачкы жыйнагы 1898-жылга чейин жарыкка чыккан эмес. Ошондуктан ал башында "Алаңгазар көпчүлүктөн алыс" (англ. Far from the Madding Crowd, 1874), "Кэстербриждин мэри" (англ. The Mayor of Casterbridge, 1886), "Тэсс Д’Эрбервилл" (англ. Tess of the d'Urbervilles, 1891) жана "Билинбей жүргөн Жуд" (англ. Jude the Obscure, 1895) сыяктуу романдарды автору катары таанымал болгон. Көзү тирүү кезинде Хардинин поэзиясы жаш акындардын (өзгөчө Жоржиянын акындарынын) алкоосуна татыган. Алар Хардини насаатчы деп эсептешкен. Көзү өткөндөн кийин анын ырлары Эзра Паунд, Уистен Хү Оден жана Филип Ларкин тарабынан даңазаланган.

Анын романдарынын көбү өз каалоосуна, коомдук жагдайларга каршы күрөшкөн кайгылуу каармандар тууралуу баяндайт жана алар көбүнесе жарым-жартылай ойдон чыгарылган Уэссекс аймагында болуп өтөт. Алгач орто кылымдагы Англо-саксон падышалыгына негизделген Хардинин Уэссекси бара-бара Англиянын түштүк-батышындагы жана борбордук түштүгүндөгү Дорсет, Уилтшир, Сомерсет, Девон, Гэмпшир жана Беркшир өлкөлөрүн камтый баштаган. Анын "Алаңгазар көпчүлүктөн алыс" жана "Тэсс Д’Эрбервилл" аттуу эки романы Би-би-синин "Эң мыкты 200 китеп" тизмесинде алдыңкы 50 катардан орун алган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү