Томск - Орусиядагы шаар. Томск облусунун адм. борбору. Томь д-ндагы орточо калкы 539,2 мин (2012; агломерациясы менен 728 миң). Т. ж. бекети, аэропорту бар. Маанилүү илимий борборлору илимий-техникалык индустриясы өнүккөн.

Машина куруу жана металл иштетүү, химиялык, нефть иштетүү, фармацевтика, курулуш материал, жыгаччылык, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн филиалы, 9 ЖОЖ (алардын ичинен университеттер), 15 ИИИ, театрлар, музейлер, эстеликтер ж. б. бар.

1604-ж. негизделип, 1629-жылдан шаар. Шаардын атынан астероид, атомдук суу астындагы кеме ж. б. аталган. Барокко стилиндеги Воскресенье чиркөөсү (18-кылымдын аягы - 19-кылымдын башы), классицизм стилинде курулуштар (19-к.) сакталган. 18-20-кылымдагы жыгач жана таштан чегерилген архитектура эстеликтери менен белгилүү. Октябрь Революциясы ордендүү (1979).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Калып:RU-geo-stub