Томас Жосеф "Том" Маккарти (англ. Thomas McCarthy; 1966-жылы, 7-июнда туулган) - америкалык режиссер, сценарист жана актер. Ал "Менин ата-энем менен таанышып койгула" (анг. Meet the Parents), "Кутмандуу кеч жана Ийгилик" (анг. Good Night, and Good Luck) аттуу тасмаларда жана "Угуу" (анг. The Wire), "Бостон мектеби" (анг. Boston Public) , "Мыйзам жана буйрук" (анг. Law and Order), жана "Hallmark Hall of Fameдин" "Ыйык Балким" (анг. Saint Maybe) аттуу телесериалдарында тартылган.

Маккарти "Стациялык агент" (анг. The Station Agent, 2003), "Зыяратчы" (анг. The Visitor, 2007), "Жең!" (анг. Win Win, 2011), жана "Көңүл чордонунда" (анг. Spotlight, 2015), тасмаларындагы жеке режиссерлук жана сценаристтик иши үчүн мактоого арзыган. Ал эми "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" наамын уткан "Көңүл чордонунда" тасмасынын сценарийин жазгандыгы үчүн Маккарти "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты түп нускадагы сценарий" наамын жеңип, "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты режиссер" наамына көрсөтүлгөн.

Буга кошумчалай, Маккарти "Жогору" (анг. Up, 2009) аттуу тасманын сценарийин Боб Питерсон жана Пит Доктер менен биргеликте жазып, бул иши үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Түп нускадагы эң мыкты сценарий" наамына көрсөтүлгөн. Маккарти ошондой эле "Миллион доллардык кол" (анг. Million Dollar Arm, 2014) тасмасынын сценарийин жазган жана "Эмнеге болгондугунун 13 себеби" (анг. 13 Reasons Why, 2017) аттуу Нетфликс телесериалынын башкы продюсери жана режиссеру болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү