Тоннель, тешкен тоо, туннель транcпорт өткөрүү, суу агызуу, коммуникация куруу ж. б. үчүн горизонталь же жантык оюлган жер астындагы курулма.

Тоннель

Конструкциялык түзүлүшүнө жараша т. ж., метрополитен, автомобиль жолу, жөө киши үчүн жол, гидротехникалык, ГЭС., мелиорация, канализация жана суу менен жабдуу үчүн системалары үчүн курулат. Жайгашкан ордуна карата Тоннель жер астындагы, суу (мис., канал, көл) астындагы жана тешкен тоо (ашуудагы, жантайма жана дөбө жердеги) болуп бөлүнөт. Тоннельдин терендиги, уз., туурасынан кесилиш формасы жана өлчөмү Тоннелди курула турган жердин топограф., геологиялык, климат шартына жараша болот.

Тоннелдин жасоо иши тешип казуу, тосможөлөгүч конструкцияны пайдалануу же ачык казуу менен жүргүзүлөт. Дүйнөдөгү эң ири Тоннель - Альп тоолорундагы Симплонский (уз. 19,7 км). Кыргызстанда 3200 м бийиктикте жайгашып, уз. 2800 жге жеткен Төө-Ашуу Тоннелди бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4