Топология - (гр. topos - орун жана ...логия) - геометриянын үзгүлтүксүздүктү изилдөөчү бөлумү.

Математикада үзгүлтүксүздүктүн жана аны изилдөө ыкмаларынын ар түрдүүлүгү бирдиктүү Топологиянын жалпы Топологиясы, алгебралык Топология, бир калыптагы Топология ж. б-га бөлүнүшүнө алып келди.

Топологиянын үзгүлтүксүздүктү аксиомалык изилдөөчу бөлүгү жалпы Топология деп аталат. ЖалпыТопология алгебра менен бирге математикадагы азыркы теориялык-көптүк методдун негизин түзөт. Үзгүлтүксүздүктү аксиомалык жол менен ар кандай аныктоого болот. Ачык көптүк түшүнүгүнө негпзделген аксиома жалпы кабыл алынган.

X көптүгүндөгү Топология структура же Топология деп ошол кептуктун ачык көптүк деп аталуучу камтылган көптугүнүн төмөнку шарттарды канааттандыруучу тобу аталат:

  • 1) ар кандай сандагы ачык көптүктөрдүн биригүүсү жана чектуу сандагы ачык көптүктөрдүн кесилиши ачык көптүк болсо;
  • 2) куру көптүк Ф. жана бардык X ачык көптүк болсо, Топологиялык структура аныкталган кептук топологиялык мейкиндик деп аталат. Топологиялык мейкиндикте үзгүлтүксүздүк менен байланышкан анализдин бардык түшүнүктөрүн х менен аныктоого болот.

Топология 18-19-кылымда пайда болгон. 20кылымдын башында Топологияда мейкиндиктин жалпы түшүнүгү түзүлгөн (метрикалык - М. Фреше, Топологиялык - Ф. Хаусдорф) жана ченемдуулук теориясынын идеялары - полиэдр түшүнүгү (А. Пуанкаре) киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

[[Category:]]