"Тор" (англ. Thor)- 2011-жылы "Marvel Comics" каармандарына негизделип тартылган жана Marvel Studios өндүргөн америкалык супер баатыр тасма. Тасманын режиссеру Кэнет Брана, сценарийин жазгандар - Эшли Эдвард Миллер, Зак Стенц жана Дон Пэйн. Тасмага тартылгандар: Крис Хэмсворт, Натали Портман, Том Хидлестон, Стеллан Скарсгард, Колм Фиори, Рей Стивенсон, Идрис Элба, Кэт Дениңгс, Рене Руссо жана Энтони Хопкиңгс. Тасмада Асгард аймагынын канзаадасы Тор, жергиликтүү согушту баштагандыгы үчүн, баардык күчүнөн айрылып Жер планетасына куугунтукка жөнөтүлөт. Бирок анын агасы Локи такты өзүнө алууга аракет кылып жатканда, Тор өзүн такта калууга татыктуу адам катары көрсөтүп, Мжолнирди жеңиши керек болгондугу чагылдырылат.

"Тор" алгачкы жолу 2011-жылы, 17-апрелде Австралиянын Сидней шаарында көрсөтүлгөн жана Кошмо Штаттарда 2011-жылы, 6-майда жайылтылган. Тасма каржылык жагынан да, сын-пикирлер жагынан да абдан чоң ийгиликке жеткен. "Тор: Караңгылык дүйнөсү" аттуу тасманын кийинки чыгарылышы 2013-жылы, 8-ноябрда көрсөтүүгө берилген. Тасманын үчүнчү чыгарылышы "Тор: Рогнерөк" 2017-жылы, 3-ноябрда чыгарылат.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү