Тоталитаризм (лат. totalis – бүт, бүтүн, толук жана мамлекет) –1. мамлекеттин үстөмдүк кылуучу бир формасы (тоталитардык мамл.); коомдун бардык жашоо тармагынын үстүнөн бүтүндөй (тоталдуу) көзөмөл жүргүзүшү менен мүнөздөлөт. 2. этатизм менен авторитаризмди актоочу буржуазиялык саясий ойлордун багыты. 20-кылымдын 20-жылдарынан Германиядагы жана Италиядагы фашизмдин расмий идеологиясына айланган. Буржуазиялык либерализм идеологдору Тоталитаризм түшүнүгүн фашисттик диктатурага баа берүүдө колдонушкан. «Кансыз согуш» мезгилинде антикоммунисттик пропаганда социалисттик мамлекеттерди тоталитардык режим менен окшоштуруп, «демократиялуу», «эркин» коомдук түзүлүштөргө каршы коюшкан. Чындыгында эле, СССРдин 70 жылдык жашоо практикасында тоталитардык режим үстөмдүк кылуучу форма болуп келгенин тарых өзү далилдеди.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.