Тохар тилдери - инди-европа тилдеринин өзүнчө бутагын түзгөн жакын тектеш өлүү тилдер.

«Чыгыш тохар» жана «батыш тохар» деген эки тилден турат. Чыгыш Түркстанга тараган (6-7-к.). Бул тилдерде кайсы эл сүйлөгөнү белгисиз болгондуктан «Тохар тилдери» деген ат чыгыш Иран тилдеринде сүйлөгөн тохар элинин атынан эле шарттуу коюлган. Ошондуктан Тохар тилдерин түзгөн аталган эки тил да «тохар А» («чыгыш тохар») жана «тохар Б» («батыш тохар») деп шарттуу аталат. Жазма даректери негизинен брахми (инди муун жазуусу) менен жазылганы аныкталган. Алар биринчи жолу (1892) Россияда жарыяланган. Тохар тилдерине изоглосса мүнөздүү; мексикасында инди жана иран тилдерииен кирген сөздөр арбын

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.