Травма (гр. trauma - жараат) сырткы факторлордун таасиринен организмдеги болгон майып.

Факторлорго жараша Травма механикалык, термиялык (күйүк, үшүк алуу), хим., ошондой эле баротравма (атмосфера басымынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу), электротравма ж. б.; пайда болуу шартына жараша үй тиричилик, өндүрүш, спорт, согуш, транспорт Травмасы болуп бөлүнөт. Механикалык Травма ачык (жарааты бар) жана жабык (жараатсыз) келип, ар кандай кабылдоо (ириңдөө, сепсис, остеомиелит ж. б.) пайда кылышы мүмкүн. Травмада ткандар менен органдардын жанчылышы, үзүлүшү, сөөктөрдүн сынып же чыгып кеташи байкалып, кандын уюшу, агышы, ошондой эле ткандардын шишиши, сезгениши мүмкүн. Оор Травмалар шок менен коштолуп,өмүргө коркунучтуу.

Травманын өзгөчө түрүнө адамдын психикасын ооруга дуушар кылган (мисалы, терең кайгыруу) психикалык Травма кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.