Транзистор (англ. transfer - ташуу жана resistor - каршылык) - электр термелүүлөрүн күчөтүү, дүүлүктүрүү жана өзгөртүү, сигналдарды коммутациялоо ж. б-га арналып, 3 же андан көп чыгыш учу (контакты) бар электрондук жарым өткөргүчтүү прибор.

Электрондук лампадан Транзистор кичинелиги, электр энергиясын өтө үнөмдүү керектөөсү, бекемдиги, копко чыдамдуулугу, тез иштеши менен айырмаланат. Транзистор эки уюлдуу жана бир уюлдуу болуп бөлүнөт. Эки уюлдуу Транзистор 2 электрондук-көңдөйлүү өтүш менен бөлүнүп, электр өткөрүмдүүлүктүн электрондук же көңдөйлүү типтеги кезектешүүчү 3 облусу бар жарым өткөргүчтүү кристалл түрүндө болот. Бир өткөөл аркылуу өткөн электр тогунун күчү өзгөргөндө экинчи өткөөлдүн электр каршылыгы өзгөрөт. Бир уюлдуу Транзистордо бир уюлдуу кыймылдуу заряддар пайдаланылат. Алардын иштоо принциби кириш сигналынын чыңалуусу менен түзүлгөн электр талаасы аркылуу пайда болгон 2 контакттын ортосунда орун алган жарым өткөргүч катмардын өткөрүмдүүлүгүнүн өзгөрүшүнө негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.