Трахеит — жогорку дем алуу жолдорунун (мурун, кулкун, коко) оорусу менен коштолгон кекиртек былжыр челинин сезгениши.

Себеби түзөтүү

Ал суук тийгенде, жугуштуу ооруларда (грипп, кызылча, көк жөтөл жана башкалар) пайда болот. Ага жүрөк жана өпкө оорулары, балдарда итий, экссудаттык диатез түрткү берет. Адатта трахеит күз жана жай айларында байкалат. Оорунун өнөкөт жана катуу кармаган түрү бар.

Катуу кармаган түрү түзөтүү

Катуу кармаган түрү мурун бүтүп, кулкун сезгенип башталат. Негизги белгиси — жөтөл; ал өзгөчө түнкүсүн жана эртең менен, оорулуу терең дем алганда, күлгөндө, ыйлаганда, чөйрөнүн температурасы өзгөрүлгөндө күчөйт. Башталышында какырык оңой менен чыкпайт. Мында колко кошо сезгенгендиктен үнү каргылданып, бүтөт (Ларингит). Кээде башы ооруп, эти ысыйт, бүткөн бою шалдырайт, бирок оорулуунун жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Оорулуу 1—2-жумада жакшы болуп кетет. Убагында дарыланбай, үйдө режимди сактабаган учурда оору өнөкөт түрүнө өтөт же дем алуу жолунун башка бөлүктөрү да сезгенет (Бронхит, Өпкөнүн сезгениши).

Өнөкөт трахеит түзөтүү

Өнөкөт трахеит дем алуу органдарында кандын туруп калышына алып келүүчү өпкө эмфиземасы, жүрөк, бөйрөк оорусунан пайда болот. Мында оорулуу жөтөлөт, ал өзгөчө түнкүсүн, эртең менен күчөйт. Оору көпкө созулуп, мезгили менен убактылуу жакшы болуп калат.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоону врач жүргүзөт. Бутка ысык ванна, көкүрөктүн үстүнө, моюнга горчичник коюлат. Ысык сүткө сода (1 стакан сүткө 1⁄2 чай кашык), май, бал, боржоми кошуп ичүү да жөтөлдү жеңилдетет. Врачтын сунушусуз өз алдынча антибиотиктерди, жөтөлгө каршы дарыларды колдонуу оорунун жүрүшүнө терс таасир тийгизет. Өнөкөт түрүндө курорттук дарылануу сунуш кылынат.

Алдын алуу түзөтүү

Ооруну алдын алуу үчүн денени чыңдоо, муздап (үшүп) калуудан сактануу жана башкалар сунуш кылынат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8