Третьяков галереясы (Мамлекттик Третьяков галереясы) - Москвадагы искусствонун ири музейи, илимий-көркөм мекеме.

  • «Третьяков галереясы» наамы аны негиздөөчү П. М. Третьяковдун (15(27). 12. 1832-4(16). 12. 1898) фамилиясынан коюлган. Ал 1856-жылдан картиналарды чогултуу менен улуттук искусство музейин түзүүнү өзүнө максат кылып коюп, негизинен демократиялык багыттагы сүрөтчүлөрдүн чыгларын сатып алган. Ал Россияда реалисттик искусствонун өнүгүшүнө жана коомдук-тарбиялык ролуна таасирин тийгизген.
  • 1892-ж. Третьяков өзү жыйнаган картиналарды жана инисинин коллекциясын Москва галереясына тартуулаган.
  • кыргыз сүрөтчүлөрү С. А. Чуйков, Г. А. Айтиев ж. б-дын чыгармалары да коюлган.
  • Галерея Третьяковдун реконструкцияланган үйүндө (ар кайсы мезгилде кошумча тамдар тургузулган) жайгашкан.
  • Башкы фасады сүрөтчү В. М. Васнедовдун долбоору боюнча 1902-ж. курулган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.