Трио (лат. tria - үч) –

1. Үч кишиден турган аткаруучулар тобу.

2. Үч аткаруучуга ылайыкталып жазылган аспаптык же вокалдык чыгарма. Камералык музыкалык чыгармалардын кеңири тараган жанры.

3. Менуэт, марги, скерцо сыяктуу аспаптык чыгармалардын түзүлүшүндөгү ортоңку бөлүмү. Ал ылдам мүнездөгү четки бөлүмдөрдөн айырмаланып, жай аткарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.