Тритондор, сайгычтуулар (Triturus) - куйруктуу жерде-сууда жашоочулардын саламандралар тукумундагы уруусу.

Triturus cristatus

Денесинин уз. 18 эмче. Куйругу капталынан кысыңкы. Тритондордун 10 түрү Европада, Азиянын Европага чектеш жагында кездешет. Түздүктө, тоодо, көбүнчө токойдо жашайт. Кургакта негизинен кемирүүчүлөрдүн ийининде, чириндилердин астында кыштайт. Жазында жумурткасын таштоо жана уруктануу үчүн көлмөлөргө келет. Личинкасы 3-5 айдан кийин, кээде кийинки жылы Тритондорго айланат. Тритондор майда рак сымалдар, моллюскалар, суу курт-кумурскасы, сөөлжан, чымын-чиркей ж. б. менен азыктанат. Лабораторияда пайдаланылат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.