Экосистемада баардык организмдер бир-бири менен тамак аштык байланыштар менен өз ара байланышкан жана трофикалык (же тамак-аш) чынжырларын пайда кылышат.

Тамак-аш чынжырлары – бул организмдердин заттарды жана энергияны бир чынжырдан экинчисине өткөрүп берүү процесси ишке ашкан, түз сызыктуу ыраттуулук.

Тамак аш чынжырлардын белгилүү ырааттуулукта жайгашышы экологиялык пирамида деп аталат.

10% мыйзамы түзөтүү

Энергия бир трофикалык денгээлден экинчи трофикалык денгээлге өтүп жатканда жокко учурайт, анткени кийинки пайдалануучуга мурунку трофикалык денгээлде биомассага өткөн бөлүгү гана өтөт.

Эсептөөлөр боюнча, заттар менен энергия, орто эсеп менен 90% жоголот, жана калган 10% гана тамак-аш чынжырынын ар бир этабында берилет.

М: Продуценттер – I консументтер – II консументтер- III консументтер

1000кДж → 100кДж → 10кДж → 1кДж

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • EKOLOJİ ÇEV-150. 3. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva