Туба (лат. tuba - түтүк) - үйлөмө музыкалык аспаптар ичиндеги добушу эң төмөн аспап. Ал мундштуктуу, жезден жасалган аспаптар түрүнө кирет.

Туба 1835-жылы Германияда жасалган. Симф. оркестрде Р. Вагнер тарабынан биринчи жолу колдонулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4