Туздуу көлдөр, минералдуу көлдөр - суусу өтө минералдашкан, б. а. суусунда туз арбын болгон (адатта 25 г/лден жогору) көлдөр; ичүүгө жарамсыз суулар.

Туздуу көлдөргө кээде суунун минералданышы Дүйнөлүк океандын орт. туздуулугунан (35%) ашык болгон көлдөр кирет. Туздун концентрациясы жогору болгон учурда тузу кристаллдашып, көл түбүнө чөгөт. Мындай көл өзү чөкмө, ал эми андагы суу рaпa деп аталат. Туздуу көлдөр кургакчыл аймактарда көп болот, анткени минерал эриндилери суу менен агып келип туюк чуңкурга чогулат, ал эми көлдөгү суу бууланып, туз улам топтоло берет. Хим. курамы боюнча 3 негизги типке бөлүнөт: карбонаттуу (содалуу), сульфаттуу (ачуу туздуу) жана хлорлуу (туздуу). Туздуу көлдөрдөн кайнатма туз, сода, мирабилит, хлорлуу магний, бром, йод, бор кошундулары ж. б. алынат. Көлдө пайда болгон минералдуу (айрыкча күкүрт-суутектүү) ылайлар дарылоо максатында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4