Тулий (латын тилинен Thulium, Tm) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 69, ат. м. 168,934. Т. массалык сандары 152Tm - 176Tm болгон 25 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта массалык саны 169Tm болгон бир гана изотобу табылган. Т. жер кыртышында таралышы 8×10-5 % барабар. 1879-ж. швед химиги жана спектроскописти Пер-Теодор Клеве тарабынан Т. оксид (Tm2О3) түрүндө алынган. Т. монацит кумунун курамында кездешет. Т. - күмүштөй ак; балкып эрүү температурасы 1545оС; кайноо температурасы 1727оС; бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтүүчү металл. Окистенүү-калыбына келүү потенциалы -2,38 барабар. Т. бирикмелери жарым өткөргүч болуп саналат, о. эле, лазердик техника үчүн колдонулуучу материалдарга кошумча зат катары пайдаланылат. Т. 170Tm изотобу дефектоскопияда (мис., металлдар ширетилген жерлерин текшерүү үчүн) колдонулат. Ошондой эле рентгенодиагностикада кеңири колдонулат.

Тулий.

Колдонулган адабияттар түзөтүү