Тургор (лат. turgere - көбүү, толуу) - клетка суюктугу менен тышкы суюктуктун осмос басымына жана клетка кабынын серпилгичтигине байланыштуу клетка кабынын чыңалган абалы.

Тургор (Tradescantia spathacea).

Өсүмдүк клеткасында клетка суюктугунун осмос басымы тышкы суюктуктун басымынан чоң. Бирок клетка кабыгы деллюлозадан тургандыктан, ал айрылбайт. Т-го байланыштуу өсүмдүк ткандары серпилгич жана бекем болот. Көпчүлүк өсүмдүктөрдө Тургор басымы 5-10 атм., галофиттерде, козу карындарда 50-100 атм. чегинде болот. Тургор демейде транспирация динамикасына байланыштуу сутка ичинде өзгөрүп, эртең менен максималдуу, түштөн кийин минималдуу болот. Топурак бир аз кургаганда же транспирация күчтүү болгондо Тургор нөлгө гүшүп, өсүмдүк солуйт. Жаныбар клеткасынын клетка капталы бышык болбогондуктан, Тургор начар болот.

Плазмолиз

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4