Турмуштун чыдай алгыс жеңилдиги

"Турмуштун чыдай алгыс жеңилдиги" (чех. Nesnesitelná lehkost bytí, англ. The Unbearable Lightness of Being) - 1984-жылы жарыкка чыккан, 1968-жылы Прага окуялары учурундагы Чехословакияда жашаган эки аял, эки эркек жана бир ит баяндалган Милан Кундеранын романы. Бул роман 1982-жылы жазылып, жарыкка эки жыл кечирээк француз тилинде (фран. L'Insoutenable légèreté de l'être) чыкты. Андан кийинки жылы китеп чех тилинде чыкты.

Романдын өбөлгөсү

Романдагы окуя 1960-жылдарынын аягындагы 1970-жылдарынын башталышындагы Прагада орун алат. Роман 1968-жылдагы Прага окуяларындан баштап Советтер Союзу жана Варшава келишиминин үч мүчө-өлкөсүнүн басып кирүүсүнө чейинки Чехиянын адабий жана интеллектуалдык жашоосун изилдейт. Башкы каармандары: Томаш, хирург; Тереза (Томаштын аялы), күйөөсүнүн опаасыздыгынан азап тарткан фотосүрөтчү; Сабина (Томаштын көңүлдөшү), сүрөтчү; Франц (Сабинанын көңүлдөшү), швейцариялык профессор; Симон, Тимоштун уулу (биринчи аялынан).

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү