Бакир уулу Турсунбай - (17. 3. 1958-ж. туулган, Ош облусу, Кара-Суу шаары) коомдук ишмер, КРнын алгачкы Акыйкатчысы (2002-жылдан). КМУнин тарых факультетин (1984), Киев мамлекеттик университетитинин аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1975-77-ж. *Ошкурулуш» трестинде, Фрунзе темир-бетон буюмдарын жасоочу заводунда жумушчу, 1984-95-ж. ОшМУда окутуучу, улук окутуучу болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995-2000; 2000-02). Философия илимдеринин кандидаты (1990). Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамллекет кеңешчиси. КРнын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. Акыйкатчы (Омбудсмен) катары жарандардьш укугун өлкөдө жана эл-аралык деңгээлде коргоп келүүдө. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4