Турсунзаде Мирзо (19. 4 (2.5). 1911, азыркы Регар району, Каратаг кыш,24. 9.1977, Дүйшөмбү ш. Тажикстан) - тажик совет акыны, коомдук ишмер, Тажик ССР эл акыны,(1961), Тажик ССР ИАнын академиги (1951), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967). Туңгуч ыр жыйнагы - «Жеңиш туусу» (1932).


Анын поэзиясына реализм, Чыгыштын классикалык жана элдик поэзиясына мүнөздүү романтикалуу эмоциялык дем, афоризмдүүлүк өңдүү салттар таандык. «Ырлар» (1939) жыйнагында, «Мекен үчүн!» (1941, А. Дехоти менен бирге), «Мекен уулу» (1942) поэмаларында советтик патриотизм, согуш жана совет элинин моралдык биримдиги жөнүндө терен ой жүгүртөт. 40-50-жылдары «Москвалык келин» (1945), «Индия балладасы» (1947-48; СССР мамлекеттик сыйл., 1948), «Мен эркин Чыгыштанмын» (1950) ыр түрмөктөрүн, «Хасан арабакеч » (1954), «Азия үнү» (1956; экөөтең Лениндик сыйл., 1960), «Түбөлүк нур» (1957) поэмаларын жараткан. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, алардын ичинен кыргыз тилине да (Т. Үмөталиев, С. Эралиев, С. Егиналиев, А. Кыдыров) которулган. Рудаки атындагы Тажик ССР мамлекеттик (1963) жана Ж. Неру атындагы сыйл. (1968) лауреаты. Төрт Ленин, 3 Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4