Тышкы саясат - бир мамлекеттин башка мамлекеттер, уюмдар, партиялар, өкүлдөр ж. б. субъекттер менен жүргүзгөн эл аралык саясий ишмердиги.

Тышкы саясат ички саясаттын уландысы, алар ар кандай каражаттар жана ыкмалар аркылуу бөлөк мамлекеттер менен болгон мамилелердин (экон., маданий, аскердик ж. б.) абалын чагылдырат. Тышкы саясаттын эң башкы максаты - мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо, аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эл аралык мамилелердин чегинде ыңгайлуу шарттарды түзүүнү ар тараптан камсыздоо. Дүйнөдөгү эки жүзгө жакын мамлекеттердин ар биринин өзүнө таандык кызыкчылыктары бар, ошондуктан Тышкы саясат аларды эске алуу менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда, айрыкча, коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо, экономика маселелери эң эле актуалдуу бойдон кылууда. Тышкы саясат: элчилик, өкмөт департаменттери, тышкы иштер министрликтери, консулдуктар ж. б. чет өлкөлөрдө тузүлгөн атайын расмий органдар аркылуу жүргүзүлөт. Тышкы саясат социалдык-экон., илимий-тех., финансы-кредиттик жана маданий байланыштарын ишке ашырат. Саясий сүйлөшүүлөрдө компромисске жетишүү чеберчилиги - Тышкы саясаттын негизги маселеси. Негизги маселелеринин бири - ар бир элдин жана жалпы эле бүтүндөй адамзаттын кызыкчылыктарын коргоо жана сактоону ишке ашыруу. Бул максатка жетишүүнүн бирден-бир универсалдуу механизми - өлкөлөрдүн өз ара тынчтык мамиледе жашоосун камсыздоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4