Тэйлор Даниель Лотнер (англ. Taylor Daniel Lautner 1992-жылы 11-февралда АКШнын Мичиган штатында жарыкка келген.Америкалык актёр жана ырчы.

Тэйлор Лотнер
Taylor Lautner

Тэйлор Лотнер Comic-Con International 2012
Төрөлгөндөгү ысымы:

Тэйлор Лотнер

Туулган датасы:

11 -февраль 1992(1992-02-11) (32 жаш)

Туулган жери:

Гранд-Рапидс

Жарандыгы:

 АКШ

Кесиби:

Актёр, ырчы

Карьерасы:

2001 — азыркы учурда

IMDb:

ID 1210124

Актёрдун кол жазмасы

Биография түзөтүү

Тэйлор Даниель Лотнер 1992-жылы 11-февралда АКШнын Мичиган штатында жарыкка келген. Апасы Дебора программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенген компаниялардын биринде иштесе, атасы Даниэль – учкуч. Көпчүлүк чыгармачыл кесиптештеринен айырмаланып, ал келечекте актёр болууну кыялданган эмес. 6 жашынан “Фабиано” каратэ мектебине бара баштаган. Бир жылдык машыгуусунан соң каратэ боюнча өткөн мелдеште жеңүүчү болууга жетишип, ал тургай 7 жолку чемпион Майк Чаттын өзүнөн сабак алууга мүмкүнчүлүк алган. Каратэни мыкты өздөштүргөнүн мындан билиңиз, көп өтпөй эле ал каратэ боюнча эл аралык мелдеште өз өлкөсүнүн намысын талашып, өспүрүмдөр арасында курал менен өнөр көрсөтүүдө чемпион болуп, 3 алтын медаль жеңип алган.

Кыскача маалымат түзөтүү

  • Бою – 170 сантиметр.
  • Салмагы – 65 килограмм.
  • "Кечирим суроо" ("Apologize") аттуу ыр жаздырып, клип да тарттырган.
  • Жактырган түсү – ачык көк.
  • Кытай ашканасын жакшы көрөт.
  • Канында француздун, нидерланддын, немистин каны бар.
  • Макена аттуу карындашы бар.
  • Рокси деген сүйүктүү ити менен сейилдегенди жактырат.
  • “Red Bull” суусундугунун фанаты. Күнүнө ичип турбаса, башы ооруйт.
  • Кара түстөгү BMW үлгүсүндөгү автоунаа айдайт. Бирок аны машинадан да футбол кызыктырат.
  • Баалаган актёрлору – Брэд Питт жана Мэтт Дэймон.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Окутуучусу Майк Чат 8 жашар баланын актёрдук да жөндөмү бар экенин сезип, “уулуңар жарнамаларга тартылып, тасма жаатында өзүн сынап көрүшү керек” деп Тэйлордун ата-энесин көндүргөн. Кубануу менен колдогон ата-эне уулунун роль аткарууга кызыкдар болуп калганын байкап, актёрдук чеберчилигин өстүрүүгө шарт түзүп, Мичигандан Лос-Анжелеске биротоло көчүп барышат. Лос-Анжелести байырлаган жаш актёр ар бир майда ролдордон калган эмес. Ал 9 жашында алгачкы жолу “Менин жубайым жана балдарым” (“Моя жена и дети”), “Берни Мактын шоусу” (“Шоу Берни Мака”), “Дэнни-арбак” (“Дэнни-призрак”) аттуу сериал, телешоулорго тартылган. Жаш таланттын үнүн жагымдуу деп жактырышып, кадр артында мультфильмдерде үн коштотуп да коюшчу. Чоң тасмадагы дебюту 2001-жылы “Өлтүргүч көлөкө” (“Тень-убийца”) деп аталган фантастикалык телефильмде болгон. Мындан кийин телесериалдарга да байма-бай катыша баштаган. Чыныгы атактуулукту ал “Шаркбой менен Арстандардын жоруктары” (“Приключения Шаркбоя и Львы”) деп аталган балдарга арналган фантастикалык боевиктен соң багынткан. “Дүңүнөн арзан” (“Оптом дешевле”) аттуу ал тартылган комедия дүйнөлүк прокатка чыгып, 128 миллион доллар каражат алып келген. Жаш баланын шыгын продюсерлер да көз жаздымда калтырышкан эмес. 2008-жылы "Күүгүм" мистикалык тасмасына тартылууга сунуш алып, тасмада "качок" Жейктин образын жаратуу үчүн атайын машыгуудан өтөт. Анткени режиссёрдун талабы боюнча Жейкоб Блэк булчуңдуу жана күчтүү болушу керек эле. Режиссёрлор Тэйлордун чачын өстүрүп, күчтүү болуп чыга келишине ишенишпей, Жейкобдун ролуна башка да талапкерлерди сынап көрүшкөн. Анткен менен кыска убакыттын ичинде 13 килограммга толуп, тартуучу топту таң калтыра алган. “Тартылып жатканда кийме чачым башымды кычыштырып жүдөткөнүн унутпайм”,- деп эскерет ал. Дал ушул тасма анын карьерасына чоң ийгилик алып келди. Мындан кийин да Тэйлор тасмаларга активдүү катышып, чыгармачылыгын өркүндөтүүнүн үстүндө. 19 жашта экенине карабастан, баш-аягы ондон ашык тасмага тартылган.

Фанаттары түзөтүү

"Кесиптештерим Роберт Паттинсон, Кристен Стюарт “көчөгө чыккандан заарканабыз, элдин баары карай берет” деп арыздангандарын угуп, маани деле берчү эмесмин. Эми ал нерсе менин да башыма келип отурат. Кызыл килемде басып бараткан боломбу же жөн эле турган жеримен сүрөткө тартышып, кол тамга алышууда. Мындай көрүнүшкө көнүп да баратам. Чындыгында, күйөрмандар энергияны байытышат экен”,- деп билдирген. Эгерде качандыр бир кезде актёрдук карьерасына чекит коё турган болсо, анда Тэйлор өзүнүн фитнес борборун ачууну кыялданат.

Фильмдеги образы жана Сүйүү жолу түзөтүү

"Көпчүлүк кыздар мен чыныгы жашоодо таптакыр башка адам экенимди билбей эле сүйүп калгандарына таң калам. Чынында, алар мени эмес, Жейкобду сүйүшөт”,- дейт. Өзү да сүйүүнүн даамын бир нече ирет татып көргөнүн жашырбайт. Мисалы, 2006-жылы актриса Майли Сайрус менен ысык мамиледе болгон. Ошондой эле “Ыйык Валентин күнүндө” тасмасында чогуу тартылган кесиптеши, ырчы жана актриса Тейлор Свифт менен да тасмадан соң жакындап кеткен. Кийин экөө эки жолго түшкөндө ырчы кыз Тэйлорго “Декабрга кайтуу” (“Back to December”) деген ырын арнаган. Жана ошондой эле ырчы Селена Гомес менен дагы ысык мамиледе болгон. Актёр өзүнөн улуу кыздар менен мамиле курганды жактырат. Алсак, “Куугун” (“Погоня”) тасмасында тартылып жатканда таанышкан Лилли Коллинс эки жашка улуу болгон. Экөөнүн мамилеси тасмадан кийин да уланып, чоң сүйүүгө айланганы менен, азыр алар бирге эмес. Эл арасында “Тэйлор Лотнер белгилүү актриса Жессика Альбаны сүйөт” деген сөздөр айтылат. Бул жөнүндө актёрдун: “Мен Жессиканын эң чоң күйөрманымын, аны ар дайым сыйлап өтөм”,- деп айтканы бар. Учурда Тэйлор сүйүктүү бир хоббисине убакыт бөлө албай жүргөн чагы. Ал – бий өнөрү. Дайыма кыймылда болууну сүйгөн актёр-спортчу “La Hipkids” аттуу хип-хоп бий тобунда да бийлечү. Ошондой эле бош убактысында футбол, бейсбол ойноону жактырат. “Texas Longhorns” жана “Michigan wol verines” командаларынын фанаты.

Шилтемелер түзөтүү